КАРАОКЕ – Кудайдын ырайымы төгүлдү
Дата: 23-11-2018 • Просмотров: 409
Сөзү: Урмат Каримов, Мухтар Давлетов
Обону: Ырыс Чо
Аранжировка: Максат Сабырбек уулу
Аткаруучу: Наргиза Маразыкова
Дорогие друзья, если Вам понравилось это видео, и Вы его скачали, - поддержите нас "лайком" или напишите комментарий под этим видео. Благодарим!
Кудайдын (ы)райымы төгүлдү баарына,
Көк-асманда жылдыз жанды.
Төрөлдү наристе Бейтлехем шаарына
Куткар(уу) үчүн ар бир жанды.
Куткарып, түбөлүк өмүрүн бер(үү) үчүн,
Аткарды Ал Кудай Сөзүн.
Биздеги күнөөнү кан менен жең(үү) үчүн
Тартуулады бизге Өзүн.
Кайырма:
Асманда Ал улуу Падыша болсо да,
Төрөлдү жөнөкөй мал сарайга.
Адамзат жандары күнөөгө толсо да,
Ыйса келди куткарууга.
Кубанып, шаттанып, жаңы ыр ырдайлы,
Куткарды Ал баарыбызды.
Тирүү белек кыл ып, Ыйсага арнайлы
Сүйүү толгон жаныбызды.
Кудайдын ырайымы, түгөнбөс керемет,
Ар бир үйгө ырыс келсин.
Жүрөктү ач кенен, сага да Ал берет
Куткарылуу берекесин.
Ссылки и коды
Прямая ссылка:
Для форумов и блогов:
HTML-код: